Turmush — Нарын облусунун Нарын районунун Куйбышев айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин окуучулары Жогорку Кеңеште болушту.
Аталган айылдагы мугалим Кенжегүл Бектемированын айтымында, «Ачык эшиктер» күнүнө карата жалпы 16 окуучу Ак үйгө саякат жасашты. Окуучулар менен Жогорку Кеңештин депутаттары жолугушуп баарлашты. Аларга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу менен бирге белек тапшырышты.
Саякатка барган окуучулар 7-апрель — Элдик революция күнүн эскерүү иш-чарасына катышышты. Мындан тышкары, бир катар жогорку окуу жайларга барышты.