Turmush — Ысык-Көл облусунун аймагында курал-жаракка байланыштуу мыйзам бузуулардын жана браконьерликтин алдын алуу максатында ички иштер органдары тарабынан “Арсенал” аталышындагы комплекстүү иш-чара өткөрүлдү.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 3 айында жалпысынан 27 уруксат берүүчү объект жана 3647 мергенчи текшерүүгө алынды. Анын жыйынтыгында 174 административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 417 миң сомдук айып пул салынды.
Курал-жарактарды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 81 даана курал алынып, кылмышка тиешеси бар 25 даана курал жана 271 даана ок-дары табылды. Мындан тышкары, жарандар тарабынан 117 даана курал өз ыктыяры менен тапшырылды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында облус аймагында 347 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 20 адам кармалды. Ошондой эле 23 дайынсыз жоголгон жаран табылып, 34 экологиялык кылмыш аныкталды.