Turmush — Кечээ, 6-апрель күнү Баткен шаарында өзүнүн үйүндөгү кудукка түшүп кеткен адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ куткаруучуларга саат 16:44тө Баткен шаарынын 8-март көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 65 жаштагы тургун өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге ӨКМден кызматкерлери чакырылган. Куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында ал кудуктан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.