Turmush — 1-июлдан тарта Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына жетекчи болуп Эркебаев Рашид Элчибекович дайындалды.
Рашид Эркебаев президенттин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 жарлыгы менен бекитилген жобосуна ылайык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Балыкчы шаарынын мэриясынын биргелешкен буйругунун негизинде шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна ротацияланып келди.
Мекеменин мурдагы башчысы Динара Тулеева Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары кызмат ордуна которулду.
Рашид Эркебаев 1982-жылы 22-апрель күнү Баткен районунун Согмент айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 2016-2019-жылдары Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинде окуган. 1999-2004-жылдары Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинде билим алган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.