Turmush — Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагына караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылында нефрит ташы жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Жусупов билдирди.
Анын айтымында, уникалдуу табылга болгон нефрит ташы жайгашкан аймак келечекте ири эс алуу борборуна айланышы мүмкүн.
«Жаздын келиши менен көрктөндүрүү иштерин баштадык. Учурда айланасына 20 түп жашыл карагай, 15 түп кызыл карагай жана 20 түп ак кайыңдын көчөтү отургузулду. Алдыда аймакты тосмолоп, туристтердин эс алуусуна ылайыкталган капсула үйлөрдү куруу үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Долбоор ишке ашса, бул жер райондогу ири туристтик борборлордун бирине айланат», — деди ал.
2026-жылдын 31-январь күнү Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагына караштуу Ак-Таш коктусунда «Ак илбирс» кышкы фестивалы өтүп, ага 4 миңге жакын адам келген.
Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Жусуповдун айтымында, туризм тармагын жандандыруу багытында нефрит ташы табылган Ак-Таш коктусунда фестиваль өткөрүлөн.
«Бул жакта ири долбоорду ишке ашыруу алдында турабыз. Мында заманбап капсула түрүндөгү жана A-frame үйлөр курулат. Ошондой эле кышкы жана жайкы спорт түрлөрү боюнча бир катар иштер аткарылат. 182 тонналык нефрит ташынын айланасы тосулуп, айнек менен капталып, келгендер үстүнөн карап көрө алышат. «Сарт аке эс алуу жайы» деп аталып, 20 гектар жер туризмге ылайыкташтырылат», - деген айыл өкмөт башчысы.
Turmush басылмасы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында салмагы 180 тоннадан ашкан өзгөчө жана сейрек кездешүүчү таш табылганын, алдын ала божомолдор боюнча, бул нефрит болушу мүмкүн экенин жазган.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нефрит — жаратылышта өтө сейрек кездешкен, бекемдиги жана узакка сакталуусу менен айырмаланган табигый минерал. Мындай ири көлөмдөгү таштын табылышы район үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн да табигый мурастын объектиси катары чоң мааниге ээ.
Бул табылга илимий жактан да, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жагынан да кызыгууну жаратат. Мындан улам жергиликтүү бийлик тарабынан нефрит ташы жайгашкан жерде туристтик аймак түзүү пландалууда.
Оргочор айыл аймагынын Чоң-Кызыл-Суу айылынын түштүк тарабында, калктуу конуштан болжол менен 3 чакырым алыстыкта, тоо этегинде Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын нугуна жакын жерде нефрит ташы жайгашкан.
Маалым болгондой, бул нефрит ташын 2013–2014-жылдары айыл тургундары жана башка жарандар ачып чыгарып, сатууга аракет кылышкан. Бирок таштын салмагы болжол менен 162 тонна болгондуктан, аны чыгарууга мүмкүн болбой калган. Ал кездеги божомолдорго ылайык, дүйнөдөгү эң оор нефрит ташы Канадада жайгашкан болсо, Чоң-Кызыл-Суудагы нефрит ташы салмагы боюнча андан кийинки орунда турганы айтылган. Кийинчерээк айыл жаштары ташты коргоо максатында кайрадан көмүп коюшкан.
Акыркы 2–3 жылдан бери айыл тургундары нефрит ташын кайра ачып, эс алуучулар үчүн көргөзмө катары уюштуруп, туризм багытында пайдалануу маселеси боюнча облус жана район жетекчилерине бир нече жолу кайрылышкан.