Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө жана сугат иштерине даярдыктар кызуу жүрүп жатат.
Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Эркинбек Искеновдун айтымында, аталган өнөктүккө карата Баетов айыл аймагындагы Чоң-Бактыгул каналы, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Эски-Чегиртке каналы жана Тоголок Молдо айыл аймагындагы Нарын-Ак-Тал суу каналдарында механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, Ала-Буга айыл аймагындагы «Ала-Буга» суу насостук станциясында механикалык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Тазалоо жана оңдоо иштери үчүн мамлекеттик бюджеттен 650 миң сом каражат жумшалса, ал эми суу чарба башкармалыгынын техникаларын даярдоо үчүн 430 миң сомго тетиктери алынып, оңдоодон өткөрүлдү.
Эркинбек Искенов айрым чөлкөмдөрдө сугат суусу берилип, сугат иштери башталганын айтты.
«Чоң-Бактыгул каналына 22-мартта суу салынды. Ал эми Эски-Чегиртке каналынын 1,5 чакырымы тазаланып, суу салууга даяр. Мындан сырткары, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Тай-Сарай чөлкөмүнө суу салынып, сугат иштери башталды», - деди Искенов.