Turmush — Баткендин Раззаков шаарынын тургуну Аззамкул Ташбеков күнөсканада кулпунай өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.
Анын айтымында, бул ишти 1 жыл мурун баштаган. Былтыр 1500 тонна түшүм саткан. 1 млн сомдон ашык каражат жумшап 3 сотых аянтка күнөскана да салган. Ноябрда тиккен көчөттөр февраль айында түшүмгө бере баштаган. Учурда 3-терим башталууда.
«2025-жылы бул ишти баштап, 1500 тоннадай саттым. Көчөттү Кадамжайдан алып келгем. Ноябар айында эккем, февралдан бери түшүм алып жатабыз. Биринчи сатыкка чыкканда 1400-1900 сомго чйин сатылды. Дүң баада берип жатабыз. Азыр эми башка жактан да сатыла баштагандыктан 1200-1500 сатылып жатат. София (Sophie) сортундагы кулпунайдын экинчи терими жүрүп жатат. Үчүнчү терим эми башталат.
Бардык иштин кыйынчылыгы бар. Кыйынчылыктын сөзсүз үзүрү да бар. Сыртта дагы 2 сорт бар. Буйруса жыл айланып түшүм ала беребиз. Анткени жаз, жай, күз мезгилдерине сырттагылар бышып калат», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле помидор жана бадыраң да өстүрө турганын айтты.
«Мындан сырткары помидор, бадыраң да эккенбиз. Элди таза азыктар менен камсыздоо максатында химикатсыз, экологиялык таза жолдор менен өстүрүлөт. Астына кык, салынып, тамырлары да жуулуп анан отургузулат, дарыланбайт.
Биз негизи кооператив болуп иш баштаганбыз. Бизде дагы 25 мүчө бар. Ушу кулпунай өстүрүү, таза түшүм алуу жолдорун чогуу окуп иш алып барып жатабыз», - деди ал.
Дыйкандын жубайы Зуура Ташбекова кулпунайды өзү базарда сатарын кошумчалады.
«1 миллион сомдон ашуун акча сарптадык. Буйруса актайт деп турабыз. Биринчи теримде 200 миң сомдой киреше таптык. Алдыда дагы 3-4 түшүм алабыз. ындан сырткары сырттагы кулпунайлар бар, помидор бадыраңдар бар, алардан жа түшүм алынат. Дарысыз таза азыктар. Эч жака экспорттобойбуз, өзүм эле базарда сатам, азы дүң баара чыгарып жатабыз», - деди ал.
- София (Sophie) сортундагы кулпунайы кеч бышуучу чет элдик сорт. Ал жогорку түшүмдүүлүгү жана конус сымал, кооз, кочкул кызыл, бир калыптагы мөмөлөрү менен айырмаланат. Мөмөлөрү чоң, ширелүү, даамдуу, бирок кылдат ташууга муктаж.