Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагында спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 3-апрелинде Мырза-Аке айыл аймагында жайгашкан М.Разаков атындагы жатак-мектебинде курулган спорт залдын ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземге район акими Каныбек Апбасов, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулу, мектеп жамааты, жергиликтүү тургундар катышты.
Спорт зал республикалык бюджеттен каржыланды. Жалпы баасы 78 млн сомду түздү.
Район жетекчилиги типтүү спорт залдар 30 млн сомдун тегерегинде курулуп жатканын, ал эми бул спорт зал заман талабына ылайык бардык шарты менен курулганын айтты.