Turmush — Чүй облусунун Москва районунда 2026-жылдын 1-кварталында — январь, февраль жана март айларында 21 жеке ишкерге жалпы 149 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, райондо 4 айыл аймагы жайгашкан.
«Райондо азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында туруктуу мониторинг жүргүзүлүп келет. Үстүбүздөгү 2026-жылдын алгачкы 3 айында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүлөрдүн жыйынтыгында санитардык нормалар жана талаптар сакталбагандыгы үчүн 21 жеке ишкерге 149 миң сом айып пул салынды. Алардын арасында сүт өндүрүүчүлөр, коомдук тамактануучу жайлар жана азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн ээлери бар», — деп билдиришти санитардык-эпидемиологиялык борбордон.
Ошондой эле борбордон ишкерлерге, айрыкча тез татым жайларында жана коомдук тамактануучу жайларда, тамак-аш коопсуздугунун талаптарын так сактоо зарылдыгы эскертилди.