Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.11.2018 09:04

Балыкчылык А.Эсентуров эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын чемпиону болду (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында 2-ноябрдан 4-ноябрга чейин өткөн эрежесиз эр уруш боюнча Азия биринчилигине Балыкчы шаарынан он жаш спортчу катышып, бешөө алдыңкы орундарды алып келишти.

Жергиликтүү спортчулардын маалыматына караганда, профессионалдар арасында Эсентуров Асылмырза 77,1 кг салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азиянын чемпиону аталды. Ага алтын медаль жана «Спорт чебери» наамы ыйгарылды. Ал эми Келдибек уулу Алмаз профессионалдар арасында жана Кенешбек кызы Айпери кыздар арасында 2-орунду алышып, күмүш медалдын ээси болушту.

Ошондой эле, Олжобаев Улук өспүрүмдөр арасында жана Жолдошбеков Санжар професионалдар арасында 3-орунду ээлешип, коло медалга татыктуу болушту. Бул Азия биринчилигине Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн жалпы 400дөн ашуун спортчу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×