Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.11.2018 10:33

Балыкчыда жаштарды диний экстремисттик уюмдарга азгырылбоого үндөштү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Балыкчы ШИИБ, УКМК жана дин өкүлдөрү тарабынан уюштурулган иш-чарага жалпы 200дөн ашык студент жана окутуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Балыкчы ШИИБдин өкүлү акыркы жылдары диний экстремисттик уюмдар Кыргызстанда билинбей көбөйүп жаткандыгын белгилеп, ар кандай азгырыктарга азгырылбоону айтып өттү. Балыкчы шаарында диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары профилактикалык каттоодо турган адамдар менен алдын ала түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле ислам дини менен терроризм жана экстремизмди айырмалай билүү, алданып калбоо керектигин айтты. Эгер кандайдыр бир азгыруулар, түшүнбөстүктөр болсо атайын бөлүмдөргө, мечиттин имамдарына билдирүүнү суранып, студенттерге толук маалымат берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×