Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.11.2018 09:46

Балыкчыда кош бойлуу энелер төрөткө чейин атайын окуудан өтүшөт

Turmush -  Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунда кош бойлуу аялдарга 5 күндүк сабак өтүлөт.

Үй-бүлөлүк медицина борборунан маалымдашкандай, болочок энелер жазылуунун негизинде топторго бөлүнүп, сабак алышмакчы. 5 күндө өтүлө турган сабактын темаларынын топтому төмөндөгүдөй:

Дүйшөмбү күнү:

- Кош бойлуулуктун физиологиясы жана психологиясы. Кош бойлуунун гигиенасы. Толук кандуу азыктануу. Иш жана эс алуу. Уйку жана физикалык активдүүлүк. Психогигиена. Кош бойлуу аялга жолдошунун мамилеси, өнөктөштүк. Кош бойлуу кезде коркунучтуу белгилер. Дем алуу, гимнастика жана релаксациянын ролу.

Шейшемби күнү:

- Төрөттүн жышааны, төрөт, төрөттүн мөөнөттөрү. Төрөт кыйындаганда медициналык кийлигишүү. Толгоо учурундагы оорутуу жана анын пайда болуу себептери. Оорутуу сезимдерин азайтуу ыкмалары. Төрөттөн кийинки коркунучтуу белгилер.

Шаршемби күнү

- Төрөт учурундагы жакын адамдын колдоосу. Дем алуу көнүгүүлөрү, релаксацияны психологиялык багытта орнотуу, когнитивдүү ыкмалар. Укалоонун ыкмалары. Баланын төрөлүшү. Төрөттүн үчүнчү мезгили. Тери териге контактысы. Эмчек эмизүүнүн эрте башталышы.

Бейшемби күнү

- Төрөттөн кийинки мезгил. Төрөттөн кийинки жана наристелерде кездешүүчү коркунучтуу белгилер. Жаңы төрөлгөн наристени үй шартында багуу жолдору. Эмчек сүтү ымыркай үчүн мыкты азык. Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялар жана ВИЧ/СПИД. Үй-бүлөнү пландаштыруу. Контрацептиванын түрлөрү.

Жума күнү

- Сүт безинин анатомиясы. Бала үчүн эмчек эмизүүнүн артыкчылыктары. Эне үчүн эмчек эмизүүнүн артыкчылыктары. Эркин эмизүү режими. Эмчек сүтүн кантип сааш керек? Эмчек эмизүүнүн техникасы. Эмчек эмизүүнүн ийгилигинин 10 принциби. Жасалма тамактандырууда коштолуучу коркунучтар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×