Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.10.2018 21:51

Балыкчыда Баткен ардагерлери сыйланышты (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу — Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Кубан Исаев билдирди.

Маалым болгондой, эскерүү иш-чарасы маданият үйүндө өтүп, ага Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетов жана бир катар жетекчилер катышты. Баткен ардагерлерин сыйлоо аземинде Баткен окуясына катышкан жоокердин апасы, «Баатыр эне» наамынын ээси Уулман Өскөнбаевага Баткен окуясынын республикалык уюму тарабынан «Алтын эне» медалы тапшырылды. Ошондой эле уулу да атайын медаль менен сыйланды.

«Баткен согушуна катышуучулардын энелери, жубайлары унутта калбаш керек. Баланы төрөп, жоокер кылып тарбиялаш оңой эмес», - дейт К.Исаев.

Ошондой эле башка ардагерлер атайын медалдар менен сыйланып, ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Балыкчы шаарынан 1999-2000-жылдагы Баткен окуясына 115 жоокер катышып, 15 жоокер көз жумган. Алардын ичинен Д.Раимбеков чек арада душмандарды тосууда курман болгон. Ал Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүктүн резервдик курамынан Баткенге которулган болчу. Анын ысымы Баткен капчыгайына берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×