Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 29.10.2018 16:44 Жаңыланды: 29.10.2018 18:11

Балыкчыда ата-энелер №5 мектептин оңдолбой жатканына нааразы болуп чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-октябрда Балыкчы шаарында ата-энелер №5 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде эки айдан бери оңдоо иштери башталбай жатканына нараазычылык билдирип чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ата-энелердин айтымында, мектеп «Арис» долбоору тарабынан толук капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү болуп, быйылкы окуу жылында жабылган. Ал эми окуучулар №10 Манас орто мектебине которулган болчу.

Ата-энелер балдары алыс жактагы мектепке барып, жолдо суук тийип, көпчүлүгү ооруп жаткандыгын айтышууда. Балдар башка мектептерге которулгандыктан ал жактын окуучулары менен уруштар болуп жатканын да билдиришүүдө.

«Кыш жакындап калды, бирок оңдоо иштери баштала элек. Бул жылы оңдолбой турган болсо окуучуларды башка мектепке которбой эле, ушул мектепте окута беришсе болмок», - дешти ата-энелер.

Ал эми мектептин директору Г.Конокбаева октябрь айынын орто ченинде шаар башчысы оңдоо иштери боюнча макулдашууга кол койгонун, ал боюнча «Арис» долбоорунан кат келип, аны ата-энелерге окуп бергенин, жакында оңдоо иштери баштала турганын айтты.

Анын айтымында, атайын комиссия келип, шаардагы мектептердин абалын көрүп чыгышкан.

«Ч.Айтматов атындагы мектептин курулганына 40 жылдан ашуун убакыт болгондуктан, аталган комиссия ушул мектепти тандап алышкан. Мектептин терезелеринен чаң кирип, кышкысын жылытууга карабай бөлмөлөр муздак болуп жаткан. Мектеп 1975-жылы салынган. Учурда 1216 окуучу окуйт», - деп билдирди мектеп директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×