Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 25.10.2018 14:46

Н.Кадырбеков Балыкчынын жаштарын дүнүйөгө берилбей, билимге умтулууга үндөдү (фото)

Turmush -  «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Балыкчы шаарында мугалимдер, ата-энелер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, күч структураларынын өкүлдөрү, окуучу, студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жолугушууда Н.Кадырбеков алгач жаштарды салам айтууга үндөп, батанын пайдасы тууралуу айтып берди. Андан кийин жаштарды күнөө кылуудан, бирөөнү кордоодон алыс болууга, жүрөктү таза кармоого, бул дүйнөдө түбөлүк жашабай тургандыгын эстен чыгарбоого, дүнүйөгө берилбей, билимге, жакшылык кылууга умтулууга, ата-энени сыйлоого, калп айтпоого, жүрүм-турумдарын оңдоого, кичинекейлерге салам берип, үлгү болууга үндөдү.

Ал мырзаларды келечекте аялдарына жумшак мамиле кылууга, адал эмгектенүүгө, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого, жакшылыкка себеп болууга, ниеттерин түздөөгө, кичи пейилдүүлүккө, жаштыкты туура пайдаланууга, жаратканга ыраазычылык билдирип, зомбулуктан алыстоого үндөп, тазалыкты өзүнөн баштоо керектигин айтты.

Өзүңдөн кичүүгө канчалык жакшылык кылсаң, ошончолук алардын берилүүсүнө жетишүү мүмкүн экенин айткан Н.Кадырбеков адам жумшактык менен кыйынчылыкты жеңээрин, түкүрүү, таштанды ыргытуу, сөгүнүү сыяктуу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу, өнүгүүнүн өзөгү адеп жана ыйман экенин, ой-пикир, кеңештерин айтты.

Нуржигит Кадырбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. ОшМУну артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Андан сырткары АКШда, Японияда билим алган. Тышкы иштер министрлигинде, президенттин катчылыгында, президенттин аппаратында иштеген. Учурда «Ыйман» фондусун жетектейт. Өлкө боюнча «Жүзүмө түкүрбө, мекендешим» акциясын өткөрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×