Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.10.2018 14:04 На русском

Сүрөт — Балыкчы шаарындагы көчөгө чоң комуз орнотушту

Turmush -  Балыкчы шаарынын Ж.Абдрахманов көчөсүнө кыргыздын улуттук аспабы комузду орнотушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын жетекчиси Марат Таржиев: «Аймактарды өнүктүрүү жылына карата кыргыз элинин үрп-адатын, каада-салтын чагылдырган композицияларды орнотуу максатыбыз бар эле. Бүгүн кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузду койдук. Композиция жыйырма күндө жасалып, каражат сарпталган жок. Себеби колго жасалды. Келечекте боз үй, ак калпак, чүкө жасоону ойлонуп жатабыз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×