Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.10.2018 10:58

Балыкчыда жаштардын ынтымагын бекемдөө үчүн футбол мелдеши уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жаштар арасындагы кичи футбол мелдеши өттү. Мелдешке 16-35 жаштагы оюнчулардан түзүлгөн 28 команда катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мелдеш шаардагы жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган.

Оюндун катышуучусу Ыйманбек Ынтымаков: «Бүгүн "Ырыс алды ынтымак" аталышындагы турнир өткөрүлдү. Мындай турнилердин көбүнө катышып келебиз. Өзгөчө демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Оюндун жыйынтыгында 16 жаштан 25 жашка чейинки оюнчулардан 1-орунду "Макаренко" командасы, 2-орунду "Жаштык-Афган", 3-орунду "Кристалл" командасы алды.

24 жаштан 35 жашка чейинки оюнчулардын арасында 1-орунду "DAS", 2-орунду "Бомбей", 3-орунду "Достук" командасы ээледи. Ал эми 35 жаштан жогорку оюнчулардын арасында 1-орунду "Ардагерлер", 2-орунду "Ардагер 2", 3-орунду "Бомбей-Ардагерлери" командалары багындырды», - деди ал.

Мелдеште биринчиликти алган командаларга 30 миң сом, 2-орунду алгандарга 20 миң сом, 3-орунду багындырган командаларга 10 миң сомдон берилди. Мындан тышкары мыкты оюнчу, мыкты чабуулчулар аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×