Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.10.2018 14:11 На русском

Балыкчыда оңдоодон кийин борбордук сейил бак ачылды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында борбордук эс алуучу сейил багынын ачылыш аземи болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, аземге вице-мэр А.Табалдиев, шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу Ж.Тотобаев, «Хельветас» программасынын жана «Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу» долбоорунун өкүлдөрү З.Жаманкулова, Лидия Будиса, Ш.Досуев катышты.

Шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев Өнүктүрүү саясат институтуна жана паркты курган фирмага да ыраазычылыгын билдири: «Көп жылдан бери оңолбой жаткан паркыбыз көркүнө чыгып, көз кубандырган өзгөрүүлөр болуп жатат», - деди.

Вице-мэр А.Табалдиевдин айтымында, парктын курулушу жалпы наркы 32 млн сомдук долбоорго кирген.

«Бүгүнкү күндө «Зона А» бөлүгү кайра калыбына келтирилип, ал 8 млн сомго жасалды. Анын 4 млн сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан, калган 4 млн сому «HELVETAS Swiss Intercooperation» тарабынан каржыланган. Бул каражаттар 500 чарчы метр таманташка, 320 чарчы метр жери темир курчалган темир тосмолорго, 7 көздүү даараткана жана заманбап электр зымдарын жердин алды менен өткөрүп, жарык берүүчү темир мамылар жана лампаларга жумшалды. Парк жалпы төрт зонага бөлүнгөн. Келечекте бул парк Балыкчы шаарынын эң чоң парктарынан болот, тургундарга шарт түзүп бергенге аракет кылып жатабыз», - деди вице-мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×