Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.10.2018 16:44

Балыкчыда аз камсыз үй-бүлөлөргө 8 тонна көмүр акысыз таратылды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында аз камсыз үй-бүлөлөргө жалпы 8 тонна көмүр акысыз таратылып берилди.

«Балыкчы Жаштар ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы Б.Аралбаевдин айтымында, кышка даярдык катары аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана балдар үйлөрүнө акысыз көмүр таратылды. Ошондой эле «Багыт» балдар кризистик борборуна 2 тонна көмүр, аз камсыз, көп балалуу 8 үй-бүлөгө жана шаардык медресеге жалпы 8 тонна көмүр жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×