Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.10.2018 12:57

Балыкчыда Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун 70 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын кире беришиндеги «Ак кеме» экологиялык тозотунда Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун 70 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров жана жергиликтүү администрация өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлери, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл, Нарын облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги, Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери катышты.

Алгач, келген коноктор «Ак кеме» экологиялык тозотунда жайгашкан сүт эмүүчү жаныбарлар, канаттуулардын кептери (катырылганы), андан сырткары мекенибизде өскөн айрым өсүмдүктөрдүн, Ысык-Көлдү мекендеген балыктардын түрлөрүнүн кептери менен таанышып, андан соң аткарылып жаткан иштер тууралуу сөз сүйлөшүп, жаратылыш коругу тууралуу тасмага күбө болушту. Ага улай Ысык-Көл мамлекеттик коругунун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракесине карата Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой тармагында көп жылдык сиңирген эмгеги жана кесиптик милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн аталган агенттик кызматкерлерди сыйлады. Ысык-Көл мамлекеттик коругунун ага егери Ж.Югазиев, К.Бейшекеев, Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетов, Жети-Өгүз районунун акими К.Жудеев ардак грамота, Б.Беккулуев, А.Султанбеков төш белгилер менен сыйланышты жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн атынан да бир катар кызматкерлерге алкыш баракчалары тапшырылды.

Иш-чарада Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов мамлекеттик коруктун түзүлгөндүгүнүн тарыхын айтып берди. Анын айтымында, мамлекеттик жаратылыш коруктарын уюштуруунун негизги максаты жаратылышты сактоо, кызыл китепке кирген же жоголуп бара жаткан жаныбарларды, канаттууларды көбөйтүү болуп саналат.

«Бул жердин жалпы аянты 18900 гектарды түзөт жана 19 егерь кызмат өтөйт. Төрт мезгилде бирдей браконьерлерге каршы иш аракеттерди жүргүзүп турабыз. Ошондой эле коруктун негизги максаттарынын бири илимий изилдөө иштери болуп саналат. Анда климаттын өзгөрүүсүнө карата канаттуулардын көбөйүшү, азайышы, кыштоосу боюнча маселелер камтылган. Ысык-Көлгө кирип келгенде Биосфералык аймак жарандарга, меймандарга, туристтерге жагымдуу маанай тартуулоо менен бирге мамлекетибиздин сыймыгы жана күзгүсү болуп саналат. Ысык-Көл коругу гана эмес Караколдо өзгөчө корголуучу жаратылыш паркы, Сарычат-Эрташ коругу бар», - деди Э.Шерипов.

Өкүлдүн орун басары Дамир Моңолдоров Ысык-Көл мамлекеттик коругунун иш алып баруусунун максаты флора, фаунаны коргоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү экенин белгиледи.

«Ысык-Көлдүн аймагында он экидей корук бар жана бул иш-чарада айрым ардагерлерди сыйлоого жетиштик. Ысык-Көлдү дүйнө планетасынын музейи катары бааладым. Ага кошумча жалпы жаратылыш, экология боюнча кызмат кылган кызматкерлерге ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругу 1948-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин №1205 токтомунун негизинде Ысык-Көл көлүнүн айрым аймактарында суулуу саздак жерлерди коргоо жана анда кыштаган канаттууларга шарт түзүү максатында уюштурулган. 1976-жылы Суулуу саздак жерлерди коргоо боюнча Рамсар конвенциясына мүчө болуп катталган.

Корук аймагында Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген канаттуулар: ак куу, кокуй өрдөк, ак куйруктуу суу бүркүт, кызгылт фламинго, кара кунас, көк кытан өңдүү бир нече түрү байырлайт. Ысык-Көл көлүнүн корук аймактарында жыл сайын канаттуулардын 30-35ке чейин түрлөрү, 70-85 миңге чейинкиканаттуулар кыштайт жана көпчүлүгү жумурткаларын тууп, балапандарын чыгарып учуруп кетишет. Ысык-Көл мамлекеттик коругунун аймактары мындай жагдайларга ыңгайлуу шарт болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×