Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.10.2018 12:04

Россияга иштегени кеткен Гүлмира Сыдыкованы бир туугандары издеп жатышат (фото)

Turmush -  Россиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жаткан 41 жаштагы Гүлмира Сыдыкова изделүүдө. Ал Балыкчы шаарында төрөлгөнүн Turmush басылмасына анын сиңдиси Чынара Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, Гүлмира Сыдыкова 1977-жылы туулган. Россияга 2006-2007-жылдары иштегени кетип, ал жактын жарандыгын алган.

«Орусиядан алган паспорту боюнча аты-жөнү Мира Сыдыкова. Акыркы жолу 2016-жылы декабрь айында байланышканыбыз. Ошол күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Эжемди көргөн-билгендер болсо бизге кабарлап коюуну өтүнөбүз», - деди ал.

Байланыш телефондору: +89672712903; +79688401076; +996 701202176; +996702323838.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.36% (778)
«РСК Банк»
28.19% (411)
«Капитал Банк»
6.38% (93)
...
Всего голосов: 1458
×