Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.09.2018 16:40

Балыкчыда курулуш долбоору улам өзгөрүп, 32,3 млн сомдук бала бакча ишке бериле элек (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында курулуш долбоору бир нече жолу өзгөртүлгөндүктөн бала бакча ишке бериле элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2015-жылы Балыкчыда 60 орундуу бала бакчанын курулушу башталган. Бирок курулуштун жүрүшүндө жаңы имараттын долбоору бир нече жолу өзгөртүлүп, имарат кайра 150 орунга эсептелген.

«Долбоордун сметалык баасы 32 млн 327 миң сомду түзөт. Каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн. Башында бала бакча 60 орунга ылайыкталган, андан кийин аны 150 орундуу кылууну чечишкен. Көптөгөн өзгөртүүлөргө ылайык, бала бакча азыркыга чейин пайдаланууга берилбей келет», - деп билдиришти өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн.

Курулуш иштерин жүргүзгөн компания бала бакча ушул жылдын ноябрь айынын башында пайдаланууга берилерин билдирүүдө. Бүгүнкү күндө Балыкчы шаары боюнча 10 бала бакча иштейт, анда 2 миңден ашык бала тарбияланат. Дагы 716 бала кезекте турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×