Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.09.2018 14:33

Тагдыр: 14 бир тууганынан айрылып, 29 жашында жесир калган Бурмакан апа 21 чөбөрөлүү болду (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну Бурмакан Саякбай кызы 14 бир тууганынан айрылып, 29 жашында жесир калган. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

«Менин ата-энем Үркүндө Кытайга эл менен кошо ооп кетишиптир. Ал кезде алар бойдок болчу. Алар кайра Чүйгө көчүп келишкенде таанышып калып, баш кошушкан экен. Экөөнүн тагдыры бирдей болгон. Ошол кыйын заманда адамдардын тагдыры окшош болуп, баарынын ал-абалын кудайым теӊдеп койгон да. Ошентип экөө Чүйдүн Кемин районуна келип, дунгандардын колунда иштешкен экен. Андан кийин жалгыз бир уй сатып алып, ошону менен өздөрүнүн турмуш тиричилигин улап кетишкен. Алар жалпы 16 балалуу болушкан. Анын бешөө уул болсо, калганы кыз болгон. Эки уулу согушка кетип келбей калса, калгандары оору-сыркоодон, жетишпеген оор замандын айынан каза болушкан. Андан 2 эле кыз калганбыз. Апам 1935-жылдары окуп, кат-сабатын жойгон экен. Ошол кезде кадимкидей аты-жөнүн, туулган жылын жаза алчу.

Мен ошол оор замандын учурунда төрөлдүм. 7-класска чейин Кичи-Кемин айылындагы мектепте окуп, кийин Фрунзедеги №5 орто мектептен билим алгам. Андан соӊ азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшыргам. Жакшы окугандыгым үчүн стипендия алчумун», - деди ал.

Бурмакан апанын жолдошу каза болгондон кийин 9 айлык кызы да чарчап калган.

«Жолдошум Чоӊ-Кеминдин уулу болчу. Ал мал доктур болуп иштейт эле. Экөөбүз окуу жайдан таанышып, көрүшүп, кат жазышып жүрүп баш кошконбуз. Бирок, 4 балалуу болгондон кийин ал каза болуп калды. 29 жашымда 4 бала менен жесир калгам. Анысы аз келгенсип, 9 айлык кызым атасынын артынан эле чарчап калган. Ошентип балдарды багам деп көп жерде иштедим. Аларды көптөгөн кыйынчылыктар менен чоӊойтуп өстүрдүм. Алгач кассир, бухгалтердин жардамчысы болуп иштеп, кийин Балыкчыга келип жашап калдым. Бул жактан китепканачы болуп иштеп пенсияга чыктым. Азыр кудайга шүгүр, 3 уулумду чоӊойтуп, үйлөнтүп-жайланттым», - деди ал.

Учурда 85 жаштагы Саякбай кызынын 10 небереси, 21 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×