Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.09.2018 10:10

Балыкчыда муниципалдык базардын курулушу 6 жылдан бери бүтпөй келет (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында муниципалдык базардын курулушу акыркы 6 жылдан бери бүтпөй келет, ага 21 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Балыкчы шарындагы жабык муниципалдык базар жергиликтүү тургундарга иш орундарын түзүү максатында 2012-жылы курулуп баштаган. Аталган долбоор Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Бүгүнкү күндө 17 млн сом жумшалды. Курулуш иштерин «ТНК Дастан» ишканасы жүрүзүүдө. Бүгүнкү күндө жалпы 13,5 млн сомдук иштер аткарылды.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев муниципалдык базардын курулушу менен таанышып, иштерди толугу менен бүтүрүүнү талап кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×