Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 24.09.2018 17:51 На русском

Балыкчыда жүрүп жаткан иштерге облус жетекчиси А.Осмоналиев кандай баа берди? (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев Балыкчы шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облус жетекчисин Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетов жана башка жетекчилер тосуп алышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө өкмөттүн өкүлү Балыкчы шаарындагы тоо кен техникаларын жана жабдууларын тейлөө боюнча сервис борборуна, Исагалы Сабира атындагы гемодиализ борборуна, шаардык ооруканага барып, андагы иштердин жүрүшү менен таанышты.

Андан соң Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө жана анда жайгашкан видео көзөмөл камераларынын борбордук башкаруусунда болуп, курулушу 95%га бүтүп калган жаңы бала бакчага жана жаңы салынып баштаган мектепке барып, курулуш иштеринин жүрүшүнө күбө болду.

Ошондой эле муниципалдык базардын курулушуна, «Автовнештранс» мекемесинде жайгашкан спорт клубда жана шире чыгаруучу цехте болуп, иштин жүрүшү менен таанышты.

А.Осмоналиев калаадагы аткарылып жаткан иштерге канааттандырарлык деген баа берип, аягына чыга элек иштерди өз убагында кечиктирбей аткарууну тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×