Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 21.09.2018 12:22 На русском

Айыл турмушу: Тамада М.Элебесов тойдо шымы айрылып кетип, катуу уялганын унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 32 жаштагы тургуну Мелис Элебесов той башкарып, кызмат кылат. Ал тойдо оюн ойнотуп жатып, шымы айрылып кетип катуу уялганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мелис Элебесов 2006-2010-жылдары Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайда окуган. Ошондой эле 2010-2015-жылдары Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы университетте билим алган. Ал учурда үй-бүлөсү менен Балыкчы шаарында жашап жатат.

«2010-жылдан бери Балыкчы шаарындагы Б.Миңжылкыев атындагы музыкалык мектепте комуз мугалими, мындан тышкары жеке ырчы, тойлордо тамада болуп эмгектенем. Былтыр Балыкчыда тушоо кесүү концертин бергем. Ата-энем музыкант болгондуктан мен да бул тармакта эмгектенип калдым. Атам гитара классында, апам флейта классында окуган. Алып баруучулукка кызыгам, бирок мугалимдик кесибим да жагат. Себеби комуз ата-бабаларыбыздан келе жаткан улуу аспап. Өзүм комуздун, гитаранын коштоосунда ырдайм. Биздин милдет — жаш муунга комузду таанытуу. Учурда 15 окуучум бар, аларга комуз боюнча сабак берем.

2-3 жыл мурун Жумамүдүн Шералиев атабыздын 100 жылдык мааракесинде лауреат болуп, ага Тилекгүл Абылова деген ырчы кесиптеш эжем менен катышкам. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун катарын толуктагам. Быйыл да Көчмөндөр оюндарына катыштым.

Атам Бактыбек Элебесов, апам Жээнбүбү Урмалиева азыркыга чейин чогуу маданият тармагында иштеп келишет. Мурун артисттер гастролго көп чыгышчу, ошол кезде ата-энемди ээрчип жүрдүм. Аларды көрүп кызыгуум күчөдү десем болот. Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеев агам менен чыгармачылык жолдо ага-ини катары жакшы мамиледемин. Аны менен чогуу аймактарды кыдырдым», - деди ал.

Тамада көбүнчө Ысык-Көл, Кочкор, Токмокто кызмат кылат. Айрым учурларда Бишкек шаарына да чакыруу түшөт.

«Былтыр Далинка айылындагы тойдо кызмат кылып жаткам. Куудул агам менен чогуу тойдо оюн ойнотуп жатып, ылдый эңкейгенде шымымдын арты айрылып кетти. Эмне кыларымды билбейм, кызарып катуу уялган боюнча сыртка чыгып, аябай каткырып күлдүм. Андан кийин унаадагы шымымды кийип келгеним эсимден кетпейт. Ошондо коноктор байкап же байкабаганы табышмак боюнча калды.

Бош убактымда футбол ойнойм. Чынын айтышым керек, үйдөн көп оокат жасабайм, керек болсо унаамды да келинчегим жууп берет. Келинчегим Зарина өтө тың, апам айткандай камчы салдырбайт.

Акчанын артынан жүгүрө бербей, көбүрөөк сооп иштерди жасашыбыз керек экен. Балыкчы шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө жардам катары кайрымдуулук концерт уюштурууну ойлонуп жүрөм. Ошондой эле комузду жаштарга тааныткан мыкты мугалим болсом дейм. Мааниси жакшы ырларды ырдап чыгууну пландап жатам», - деди ал.

Мелис Элебесов 1 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×