Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 20.09.2018 13:29 На русском

«Кыргызстан сулуусу - 2018»: Балыкчыдагы эң сулуу кыз аталган Таттыбүбү финалда күч сынашат (сүрөт)

Turmush -  «Балыкчы сулуусу - 2018» сынагынын жеңүүчүсү Таттыбүбү Муратова Бишкек шаарында өткөн «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагынын финалына жолдомо алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Таттыбүбү аталган сынакты жеңип, Азияда өткөн жана дүйнөлүк сынактарга катышууну самайт.

«Сынакта көп досторду таптып, адамдардын кандай болорун билдим. Кейиштүүсү артыңдан сүйлөп, уруштуруп койгондор болот экен. Жакшы, чыныгы досторду тапканга аракет кылдым. Республикалык деңгээлдеги сынакка биринчи жолу катышкандыктан мен үчүн абдан кызыктуу болду», - деди ал.

Ал Балыкчы шаарында төрөлүп өскөн. Учурда №1 Л.Толстой атындагы мектеп-гимназияда 11-класста окуп жатат. Ушул жылдын апрель айында «Балыкчы сулуусу - 2018» сынагынын жеңүүчүсү аталып, «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагына жолдомо алган болчу.

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына модель катары чакырышты. Улуттук кийим кийип, Латвия өлкөсү экенин билдирген тактаны көтөрүп чыктым. Мындан сырткары улуттук кийимдердин көргөзмөсүнө катыштым.

Сүрөт тартканды абдан жакшы көрөм, көбүнчө жаратылышты тартам. Ошондой эле баскетбол боюнча Балыкчы шаарынын кыздар курама командасынын оюнчусумун. Баскетбол ойногонума 4 жыл болду. Буга кошумча чуркаганды да жакшы көрөм. Ден соолугумду чыңдоо үчүн күндө эртең менен жана кечинде чуркап турам. Кичинекей кезимде бий ийримине барчумун. Жарым жылдан бери бокс менен машыгам. Көбүнчө детектив жанрындагы китептерди, ошондой эле Агата Кристинин чыгармаларын окуйм. Боевик жанрындагы жана коркунучтуу тасмаларды жакшы көрөм.

Келечекте мектепти ийгиликтүү аяктап, эл аралык университетте билим алып, саясатчы болгум келет. Мурда тергөөчү болгум келчү, бирок азыр милиция кызматкери болуу кыз кишинин жумушу эмес деген чечимге келдим. Ошондой эле дүйнө жүзүнө белгилүү модель болууну каалайм», - деди ал.

Таттыбүбү 2001-жылы төрөлгөн. Ага ыймандуу жана спортчу жигиттер жагат. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси, байкеси, иниси жана сиңдиси бар.

Балыкчы шаарында эң сулуу кыз тандалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×