Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 19.09.2018 23:37

Балыкчыда «Өз кан басымыңды бил» акциясы жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында 17-сентябрдан 24-сентябрга чейин «Өз кан басымыңды бил» акциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган акция 24-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өтүп жатат. Акциянын алкагында кан басымды өлчөө акысыз жүргүзүлөт.

Мындан тышкары эхинококкоз, инфаркт, миокард, кургак учук оорулары боюнча жана «Балалык бактылуу болууга тийиш», «Балдардын тамактануусу дени сак муундун негизи» деген аталыштагы маалымат баракчалары таратылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×