Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 18.09.2018 12:46

Балыкчы ШИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара менен кармалды

Turmush -  Бишкек шаарында 16-сентябрда Балыкчы шаардык ИИБдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери оперативдүү-издөө иштерин жүргүзүү учурунда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Балыкчы ШИИБдин тергөөчүсүн, милициянын ага лейтенанты Ш.у.А.ны кармашты.

Белгилүү болгондой, тергөөчү козголгон кылмыш иштин алкагында процессуалдык ишти оң жагына чечип берүү үчүн жарандан акча талап кылган.

Кармалган тергөөчү УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Тергөө жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×