Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 17.09.2018 09:41 На русском

Айыл турмушу: Балыкчылык Н.Байтикова үйүндө 400 сомдук тортторду, 120 сомдук кекстерди жасап сатууда (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 33 жаштагы тургуну Назгүл Байтикова таттууларды жасап кошумча киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, КМКТАУнун экономика жана менеджмент факультетин аяктаган.

«2017-жылы атайын долбоор менен ашканага керектүүлүчү жабдыктар, идиш-аяктар алынып берилген. Ошондон бери буйрутма алып үй шартында таттуу токоч, торт, пирогдорду жасап келем. Учурда бир жардамчы кыз бар. Өзүмдүн балам таттууну аябай жакшы көрөт. Бирок азыркы жасалып жаткан торттордо, таттууларда химикалык кошулмалар, боектор абдан көп болгондуктан кичинекей балдарга зыяндуу болот деп ойлойм. Алар аллергия дагы болушат. Ошондуктан балдарыма тортту өзүм жасап берип, ошондон улам бул ишти кызыгып баштап кеттим. Эл кандай буйрутма берсе ошолордун барын жасайм. Учурда кекс менен торт жасап жатам. Тортко 2-3 саат убакыт кетет. Ал эми кексти 1 саатта бүтөм. Таттууларга керектелүүчү балды бал челеги бар орус үй-бүлөдөн алам. Торт 350-400 сомдон, кекс болсо 100-120 сомдон сатылат. Көбүнчө бал кошулган торттор болгондуктан аарылар балга келе берет. Терезеден кирип кетишет. Кээде торт жасап шашып жаткан учурда денемди аарыга чактырган учурлар көп болот», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле алдыда кафе ачууну көздөп жаткандыгын кошумчалады.

«Бош убактымды балдарыма гана жумшайм. Аларды ар тараптан өнүктүргөнгө аракет кылам. Жолдошум экөөбүз бош убактыбызда балдарыбызды суу жээгине, таза абага алып барып ойнотобуз. Балам балык кармаганды аябай жакшы көрөт. Суу жээкте балык уулоо менен убакыт өткөрөбүз. Үй-бүлөм менен таябиятта эс алгандан рахат алам. Келечекте ар кандай кошулмаларсыз экологиялык жактан таза тамак-аштарды жасаган кафе ачууну көздөп жатам», - деди ал.

Назгүл айым 1 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×