Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 16.09.2018 01:19

«Тагдыр»: 3 уулунан айрылган С.Логвинованын буту сынып, карылар үйүндө күн кечирүүдө

Turmush -  Балыкчы шаарынын 71 жаштагы тургуну Светлана Логвинова унаа сүзүп кеткенден кийин буту сынып, карылар үйүнө түшкөн. Ал жолдошу 1 жыл мурун каза болуп калганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Светлана Логвинова 1947-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Жолдошу экөө Балыкчы шаарына көчүп келип, курулушта иштеп жүрүп, пенсияга чыгышкан.

22 «Үч уулум бар болчу, үчөө тең ар кандай себептерден улам каза болуп калган. Азыр бир кызым бар, ал Россияда жашайт. Ал эми кызымдын баласы — жээн неберем учурда Бишкек шаарында жашап жатат. Өзү таксинин айдоочусу болуп эмгектенет. Ысык-Көл жакка жумуш менен келгенде мага келип учурашып, болгон жаңылыктарды айтып берип кетет. Өзүмдүн эжем үй-бүлөсү менен Германияда жашайт.

Балыкчы шаарында батирим бар, ал жакта жалгыз жашачумун. Эки ай мурун унаа сүзүп кетип, бутум сынды. Жалгыз жашагандыктан кырсыктан кийин бул жакка келдим. Мага кам көргөндөргө акча төлөп берем. Бир айдан кийин үйүмө кетишим мүмкүн. Үйдө жалгыз жашоо кыйын болот, сүйлөшчү киши жок зеригип кетесиң. Кээде кошуналардыкына барып алаксыйм. Бул жактан эртерээк сакайып, үйүмө кетсем дейм», - деди С.Логвинова.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×