Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.09.2018 12:24 На русском

«Тагдыр»: 4 баланын атасы Б.Белеков инсульт алгандан кийин карылар үйүнө түшкөн (сүрөт)

Turmush -  67 жаштагы Болот Белеков учурда Балыкчы шаарындагы карылар үйүндө жашап жатат. Аны уулу мындан бир ай мурун аталган жайга убактылуу калтырып кеткен. Аймактык кабарчы карыядан кабар алды.

«Мен бул жакка келгениме бир айдан ашып калды. Өзүм Чүйдөн болом. Союз мезгилинде айдоочу болуп эмгектенгем. Биринчи аялымдан эки уулум бар, ал балдарым менен катышпайм. Экинчи аялымдан да 2 уулум бар. Бир уулум Россияда, кенже балам Бишкек шаарында жашайт, мен ушул уулумдун колунда болчумун. 2-3 жыл мурун инсульт алып, абалым начарлап кетти. Жакшы баса албай калдым. Кээде ажатканага жетпей, кийимимди же төшөгүмдү булгап алган учурлар болот. Уулум бул жакка убактылуу алып келип койду», - деди ал.

«Нафиль» карылар үйүнүн кызматкеринин айтымында, Болот Белековдун келини кош бойлуу болгондуктан, карыяны уулу аталган жайга убактылуу алып келген.

«Биз башында бир айга деп келишим түзгөнбүз. Бир айы бүтүп, баласы мага телефон чалып, келишимди дагы узартарын айтты», - деди карылар үйүнүн кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×