Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.09.2018 09:57

Балыкчыдагы «Нафиль» карылар үйүнүн учурдагы абалы (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы «Нафиль» карылар үйү оңдоого муктаж. Бул тууралуу карылар үйүнүн кызматкери Рая Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, ал карылар үйүндө медайым болуп иштейт.

«Мен 1977-жылы Нарын облусунун Жерге-Тал айылында төрөлгөм. Карылар үйүнүн маңдайындагы окуу борборунда компьютердик технология боюнча мугалиммин. Өзүм 16 жыл Нарын облусунун ооруканасында медайым болуп иштегем. Карылар үйүнүн азыркы директору мени чакыргандыктан келдим. Бул жакта иштеп жатканыма 4 ай болду», - деди Р.Исмаилова.

Анын айтымында, карылар үйүнүн ачылганына 5,5 жыл болгон.

«Бул карылар үйү ачылгандан бери оңдоо иштери жасала элек экен. Учурда имараттарды сырдоо зарыл болууда. Себеби бөлмөлөргө жагымсыз жыт сиңип калыптыр. Канча желдетсек деле кетпейт. Мынча бөлмөнү сырдоого карылар үйүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Полунда дагы килем жок, жакында суук түшсө муздак болот.

Ошондуктан мэрия тарабынан жардам болсо жакшы болмок. Өзүм дагы жардам сурап кайрылгам, электр энергияга болгон төлөмдөрдү арзандатып берүүнү өтүнгөн элем. Бирок алар биздин менчик мекеме экенибизди айтып, баш тартышты.

Мындан тышкары канализациясын оңдотпосо сасып жатат. Бул жерде карыялардын тамак-ашын, кийим-кечесин карайм. Кээде жөнөкөй адамдар тамак-аш жагынан жардам беришет. Учурда карылар үйүндө 4 киши бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×