Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 10.09.2018 13:06

Балыкчыда стритбол ойноочу аянтча салынып жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында стритбол ойноочу аянтча салынып жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аянтча «Өркүндөп өссүн Балыкчым» коомдук фондунун мүчөлөрүнүн демилгеси менен К.Калдыбаев, Чатыр-Көл көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан футболдук аянтчанын жанында курулуп баштаган.

Аталган фонддун төрагасы Ж.Абдразаковдун айтымында, жамааттын мүчөлөрү бир мүшөктөн баштап мүмкүнчүлүгүнө жараша эки тоннага чейин цемент алып келип жатышат. Колунан келгени кум, шагыл менен жардам берүүдө.

Башкы демөөрчү шаардык кеңештин депутаты Бакыт Усупов болуп саналат. Учурда курулуш иштерине 70 миң сом сарпталды. Эми аянтчанын тегерегин тосуу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×