Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 10.09.2018 12:21

Балыкчыдагы гемодиализ борборуна жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Исагалы Сабира атындагы гемодиализ борборуна ири компаниянын кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган борбордун бейтаптары үчүн муздаткыч, кондиционер жана жылыткыч тапшырылды. Анын жалпы суммасы 30 миң сомду түздү.

Кайрымдуулук көрсөткөн компаниянын жумушчусу К.Бейшеевдин айтуусунда, компаниянын жумушчулары ар ай сайын өз маяналарынан каражат чогултуп, кайрымдуулук көрсөтүп келишет.

«Мындай кайрымдуулук иштер беш жылдан бери жүргүзүлүп келет. Акчалай эмес буюм, азык-түлүктөн Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондорундагы, Бишкек шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге, карылар үйүнө, балдар интернаттарына көмөк көрсөтүп келебиз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×