Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 31.08.2018 15:53

Эгемендүүлүк күнү: Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы майрам (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында 31-август — Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамдык иш-чарага мэр А.Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев жана жашоочулар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери кыргыз эли кантип эгемендүүлүккө ээ болгондугу тууралуу театралдаштырылган сценка көрсөтүп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле бийчилер, комузчулар өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мындан тышкары аркан тартыш, кол күрөш, штанга, гиря көтөрүү сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду. Аркан тартышка «Шумкар» атайын багыттагы полкунун, шаардык аскер бөлүктүн, ӨКМдин кызматкерлери да катышты.

Ошондой эле Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата айрым тургундарга «Ардактуу атуул» наамы тапшырылып, грамоталар менен сыйланышты.

Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүк күнү чоң салтанат менен белгиленди. Иш-чаранын жүрүшүндө 18 адамга Ысык-Көл районунун «Ардактуу атуулу» наамы тапшырылды. Алардын арасында эл артист Бакыт Шатенов өңдүү белгилүү адамдар да бар.

Эгемендүүлүк майрамы 70 миңден ашуун калкы бар Ысык-Көл районунун 12 айыл аймагынын ар биринде салтанаттуу белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×