Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.09.2018 15:53

Айыл турмушу: 85 жаштагы Бурмакан апа 108 жыл мурун сепке жасалган туш кийизди сактап жүрөт (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну Саякбай кызы Бурмакан 1910-жылы жасалган туш кийизди ушул күнгө чейин сактап жүрөт. Бул туш кийизди апасы өз колу менен жасап, себине деп кошуп берген. Бурмакан апа менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, апасы Үркүндө Кытайга чейин барып, уйгурлардын нанын бышырып, балдарын баккан.

«Менин апам Абдылда кызы Турдубүбү 1888-жылы төрөлгөн. 5 уулдуу жана 11 кыздуу болгон. Үркүн убагында балдары менен чогуу Кытайга чейин барган. Ал жактан уул-кыздарын багуу үчүн уйгурлардын нанын жаап иштеген. Кийин Кеминге көчүп келип, жайлоодо мал баккан. Андан соң, колхоз-совхоздо иштеп, кат-сабаты жоюлган.

Бул туш кийизди 1910-жылы улуу эжемдин себине деп жасаган эле. Бирок эжем каза болуп калып, мага арналып калган. Мен турмушка чыкканда себиме кошуп беришкен. Апамдын кол эмгеги деп азыркы күнгө чейин чиритпей сактап келе жатам», - деди ал.

Бурмакан апа туш кийиз абдан бышык болуп жасалганын кошумчалады.

«Уйгурлар Анжияндан ар кандай кездемелерди төөлөргө артып келип, Улуу Жибек жолу аркылуу соода иштерин жасашчу экен. Ошолордон апам жибек курттун түрүн сатып алыптыр. Ал курттардан табигый жибекти алып, аны ийикке ийриптир. Андан соң, жашыл жалбырактардын согун алып, аны менен даяр болгон жибекти боёп, ушул туш кийизди жасаган экен. Апам кол өнөрчү, оймочу, чиймечи болгон. Карышкырдын, түлкүнүн терисинен ичиктерди тиккен. Өзү эгиздин түгөйү болчу. Турсунбүбү деген эгизи каза болуп калган», - деди ал.

Бурмакан карыя чет өлкөлүк абройлуу тарыхый музейлердин биринде апасы жасап берген туш кийизи сакталып калса деген үмүт-тилеги бар экенин кошумчалады. Учурда анын 10 небере жана 16 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×