Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 28.08.2018 15:40

Балыкчыда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөтүү борбору ишке кирет

Turmush -  Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөтүү борбору ишке кирет.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунда биринчи жолу мындай борбор Балыкчы шаарында ишке киргени жатат. Бүгүнкү күндө шаарга И.Арабаев атындагы университетин аяктаган 2 логопед-дефектолог — Махабат жана Нурзат келишти. Жаш адистер батирде бирге жашап, анын ижара акысын мэрия төлөйт.

Консультация жана практикалык жардамды Т.Романова менен Г.Балиева көрсөтүштү. Аталган борбор «Наристе» бала бакчасында жайгашкан. Т.Романова республикалык психологиялык медициналык педагогикалык комиссиясынын төрайымы болсо, Г.Балиева анын орун басары болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×