Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.08.2018 16:15

Балыкчыда Курман айтта союлган 5 бодо малдын эти 180 үй-бүлөгө таратылды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Курман айт майрамында 5 бодо мал союлуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылды. Аймактык кабарчы маалымдагандай, жалпы аз камсыз 180 үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар адамдарга 4-5 килограммдан бөлүндү.

Аларды социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери таратып беришти. Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри А.Табалдиев өзү дагы жеткирип берүү иштерине катышты.

Маалым болгондой, 5 бодо мал «Кызыл Ай» коому тарабынан берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×