Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.07.2018 09:55 Жаңыланды: 28.08.2018 15:25 На русском

Айыл турмушу: Мугалим Ж.Төрөмамбетова хоббиси аркылуу киреше табууну өздөштүрдү (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 36 жаштагы тургуну Жылдыз Төрөмамбетова 3 жылдан бери кийизден ар кандай буюмдарды жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кийизден азем буюмдарды, панно, баштык, телефон салгыч, бут кийим, кичинекей килемче, шырдактарды жасайт. Буга кошумча таш баканын формасындагы жаздыкчаларды жасап, чет элдик эс алуучуларга сатат. Чет элдиктер, өзгөчө индиялыктар таш бака байлык алып келет деп эсептешет.

«Ошондуктан алардан түшкөн буйрутма боюнча кийизден жаздыкчаларды жасайм. Мындан сырткары Казакстан, Дубайдан да буйрутмалар түшүп турат. Кол өнөрчүлүккө мектепте окуп жүргөн кезимде эле кызыгып, сайма ийримине катышчумун. 3 жыл мурун декреттик эс алууга чыгып, бош убактымда хобби катары алектене баштагам. Бул иш менен күнүнө 1000 сомдон табам. Биз кышында сувенирлерди жасап, жайкысын эс алуучуларга сатабыз. Келечекте кийизге кыргыздын оюларын түшүрүп, кийимдерди тигейин деп жатам», - деди кол өнөрчү.

Жылдыз Төрөмамбетова №4 гимназия-мектебинде башталгыч класстын мугалими жана шаардык балдар билим борборундагы тайпанын жетекчиси болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×