Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Балыкчы шаарындагы 3 мектепке ашкана жабдууларын сатып алууга 1,3 млн сом бөлүндү

Turmush -  Балыкчы шаарынын 3 мектебине ашкана жабдууларын сатып алууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, аталган башкармалык капиталдык курулуш жана муниципалдык объектилерди оңдоп-түзөө, жабдуу иштерине көзөмөл жүргүзүү багытында көп иштерди аткарууда.

Жакында шаардын Бөкөнбаев, Айтматов, Манас атындагы мектептердин ашканаларына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 1 миллион 339,4 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнуп, азыркы учурда электр жабдуулар орнотулууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 603
Көп окулду
×