Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.02.2018 11:43

Балыкчыда аз камсыз 20 үй-бүлө жаңы үйлүү болушту

Turmush -  Балыкчы шаарында аз камсыз болгон 20 үй-бүлө жаңы үйлүү болушту. Бул тууралуу Балыкчы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаардык мэриясы Ак-Сай жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 3,7 гектар жер аянтынын 7650 чарчы метрин өтө муктаж жашоочуларга 5 барак тибиндеги турак үй курууга бөлүп берген.

«Учурда ал жерде төрт үйдүн курулушу бүткөрүлүп, 20 үй-бүлө көчүп кирип жашап жатышат. Ал эми калган 2,9 гектар жер аянты кезекте тургандарга берилет», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×