Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Балыкчыда жаңы ачылган полиграфиялык борбор мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз билим берип жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында 2017-жылдын декабрь айынан бери мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жаштан жогорку жарандарга полиграфиялык окуу борбору билим берип жатат.

Мектеп «ЛОВЗ полиграфия дүйнөсүндө» долбоорунун негизинде ачылып, автомектептин 5-кабатынан бөлмө берилген. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайсыздыктар жаралып, «Автовнештранс» мекемесине көчүрүлдү.

Мекеме окуу борборго бөлмөнү акысыз пайдаланууга берип, учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар компьютердик программаларды, полиграфиялык ыкмалар менен иштөөнү акысыз үйрөнүп жатышат. Окуу курсу эки айга созулат.

«ЛОВЗ полиграфия дүйнөсүндө» долбоорунун координатору Т.Бейшенбековдун айтымында, бул борбордо эки айдан бери 5 адам темаларды толук өздөштүрүүгө жетишип, курсту аяктап жатышат.

«Майыптардын арабасында отурган кыз көп кабаттуу үйдө жашайт. Ага борборго жетүүдө жана суукка байланыштуу кыйынчылыктар жаралып, борбордогу ыктыярчыбыз Темирлан үйүнө барып окутуп жатат. Балдар теориялык түрдө көп ыкмаларды үйрөнүштү. Алдыда практика жүзүндө кызмат кылып, иштеп кетишсе деген үмүтүм бар», - деди Т.Бейшенбеков.

3 мектептин информатика сабагынын мугалими Э.Казаковдун айтымында, полиграфиялык окуу борбор ыктыярчылык негизде сабак берип жатат. Ал борбордогу балдарга календарь жана башка керектүү иш кагаздарды компьютердин жардамында даярдоо, сүрөттөрдү жасалгалоо жана башка программаларды үйрөтүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1912
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×