Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.02.2018 09:58

Балыкчыда залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата «Чынгыз Айтматов сүйлөйт» спектакли коюлат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана 27-март — Эл аралык театр күнүнө карата Э.Думанаев атындагы маданият үйүнүн эмгек жамааты залкар жазуучунун 12 чыгармасынан айкалыштырылып түзүлгөн «Чыңгыз Айтматов сүйлөйт» спектаклин шаар тургундарына, театр сүйүүчүлөрүнө даярдап жатышат.

Маданият үйүнүн кызматкери С.Тилекматовдун айтымында, белгилүү актер Э.Эгембердиев сценарийди жазып, спектаклге режиссерлук кылууда. Ал спектаклде Мырзакулдун жана сугатчы Сабырбектин образдарын жаратат.

«Бишкек шаарынан Э.Эгембердиев келип, бардыгыбызды кызыктырып, актерлук шыгыбызды жандандырып жатат. «Учур эне», «Найман эне» каармандарынын образдарын жаратып, буюрса жакшы, көңүлдүү даярданып, режиссердун айтканын так аткарууга далалат кылып жатабыз», - деди маданият үйүнүн кызматкери Ч.Айдарова.

Маданият үйүндө режиссерлук кызматты аркалаган Т.Абылова чоң театрга аралашалы деген максатта ушундай спектакль коюп жатышканын айтат.

«Спектаклде бир эле актер экиден, үчтөн каармандын образын жаратып жатышат, өзүм Мырзагүлдүн, «Кызыл алма» чыгармасындагы бейтааныш кыздын, Жамийланын образдарын аткарып жатам», - дейт ал.

Ал эми белгилүү актер, режиссер Э.Эгембердиев Балыкчы шаарынын маданият үйү элдик театр макамын алып калса деген ой менен маданият үйдүн кызматкерлерине арнап, Ч.Айтматовдун 12 чыгармасынан бир композиция жасап, 40 мүнөттүк спектакль түзгөнүн билдирди. Азыркы тапта динамиканын заманы болуп жаткандыктан спектакль элге жеткиликтүү, өтүмдүү болуп, көрүүчүнү өзүнө тартышы керектигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×