Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Ысык-Көл

Кувакы ашуусунда жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустар текшерилип, 7 айдоочуга айып салынды

Turmush -  Кувакы ашуусунда жайгашкан «Ысык-Көл» транспорт көзөмөлдөө пунктунда кечээ, 30-январда жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук унаалардын документтерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Рейддин жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташуу мекемесинин талаптарын бузгандыгы үчүн Кара-Балта шаарында иштей турган «Кут жол» ЖЧК ишканасынын айдоочусуна протокол толтурулуп, 1000 сом айып пул салынды.

Ошондой эле, «Кызыл-Суу транс» ЖЧК ишканасынын жана Кочкор—Бишкек, Кызыл-Суу—Бишкек каттамдарынын айдоочуларына бири январь айында декабрь айындагы иштөө графиги менен жүргөндүгү, калгандары эс алуу убагында жүргүнчүлөрдү ташып жатканы үчүн протоколдор жазылып, 1000 сом айып пул салынды.

Кызарт—Бишкек каттамынын айдоочусун токтотуп, документтерин текшерүү учурунда медициналык жана техникалык кароодон өтпөгөндүгү аныкталып, протоколдор түзүлдү.

Бишкек—Баетов каттамынын айдоочусу А.Шакулов 1 жылдан бери иштеп жатканын, документи жок жолдо жүргөндөргө чара көрүлүшү керектигин, өзү документтерин толук камдап, иштеп жатканын айтты. Аталган башкармалыктын кызматкерлери документтерди дайыма кылдат текшерип турушаарын кошумчалады.

«Рейддин жыйынтыгында 30 маршруттук автоунаа текшерилип, 7 айдоочуга документтериндеги кемчиликтерге жараша протокол толтурулду. Мындай рейд ай сайын өтүп турат. Кээ бир айдоочулар токтобой кетип жатышат, мыйзамга ылайык чечим кабыл алып, алар иштеген фирмага актыларын жиберебиз. Фирма өзү аларды маршруттан четтетүү жана башка чараларын колдонот», - деди башкармалыктын башкы инспектору Д.Матаев.

Рейд Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 521
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×