Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык 22 жаштагы Гүлназик хоббиси аркылуу киреше табууда (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 22 жаштагы тургуну Гүлназик Байтикова кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кол өнөрчүлүк менен акыркы 3 жылдан бери алектенет.

«Мен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлүп өскөм. Кийин Балыкчы шаарына турмушка чыктым. Өзүмдүн көңүлүмө жаккан кол өнөрчүлүк менен алектенгениме 3 жыл болуп калды. Кичинекей кезимде деле апама жардам берип жасачумун. Азыр дагы бул ишти улантып жатам. Ар кандай шурулардан түркүн азем белектерди жасап, эски буюмдарды жаңыртам. Өзүм мугалим болгондуктан бул иштин дагы пайдасы тиет. Балдарды окууга кызыктыруу үчүн көргөзмө куралдар менен сабак өтүүгө туура келет», - дейт ал.

Ал жасаган буюмдарды 150 сомдон 300 сомго чейин сатат.

«Мен жасаган буюмдар дүкөндөрдө жана сулуулук салондордо сатылат. Ар бир буюмду көлөмүнө жараша баалайм. Күн сайын буйрутмалар түшүп турат. Бир айдын ичинде 120 даана буюм жасайм. Ар бирин көлөмүнө жана жасалышына жараша 150 сомдон 300 сомго чейин сатам. Келечекте балалуу болсом дагы бул өнөрүмдү калтырбай алектенем», - деди ал.

Гүлназик эки бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1524
Көп окулду
×