Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Ысык-Көл

Балыкчыда акындардын чыгармачылык кечеси өттү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы китепканада «Поэзия – акындардын жан дүйнө азыгы» деген темада жаш акындар менен шаардагы белгилүү акындардын жолугушуу кечеси жана жаш акын Акылай Абдышеванын тушоо кесүү чыгармачылык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечеге «Шайыр апалар» телефестивалына катышкан Кыргый Исмаилова жетектеген «Балыкчы айымдар» тобу, белгилүү балдар акыны Асек Казиев, Эсен Думанаев атындагы маданият үйүнүн хормейстери Сабыр Тилекматов, ыр жазып жүргөн Эрмек Ниязбеков жана башка сөз өнөрүн баалаган жаш акындар, алардын ата-энелери катышты.

Жаш ыр жаратуучу Акылай Абдышева шаардагы орто мектептердеги жеткинчек акындардын башын бириктирип, «Жаш акындар» тобун ачкан. Анын айтымында, топто элүүгө жакын акындык өнөргө кызыккан окуучулар бар. Балдардын талантынын ачылышына жардам берүү ишин токтотпой, мындан ары дагы өркүндөтүү тилеги бар экенин билдирди.

Өзү улуу манасчы Саякбай Каралаевдин туулган жери Ак-Өлөң айылында төрөлгөнүн, үчүнчү классынан бери ыр жазып келе жатканын айтты. №5 Ч.Айтматов атындагы мектепти окуп бүтүргөн. Учурда Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде башталгыч класстын мугалими кесиби боюнча билим алууда.

Поэзиялык кечени китепкананын жетектөөчү китепканачысы Бактыгүл Жамакунова уюштурган. Кечеге келген коноктор, окуучулар, алардын ата-энелери, колдоп келген бир тууган ага-эжелери дээрлик бардыгы поэзияны туу тутуп, көөнөрбөс өнөрдүн ээси болушкандыктан ар бири өздөрүнө жаккан мекен, эне, балалык, сүйүү, эмгек, чек ара аскерлери, мектеп, мугалимдер жөнүндө жазган ырларынан окуп беришти.

«Балыкчы айымдар» тобундагы апалар элдик ырларды комуздун коштоосунда жандуу үн менен аткарышып, жагымдуу маанай тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 763
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×