Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Зер буюмдарды жасаган ысык-көлдүк Курманбек көргөзмөгө даярданып жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Курманбек Райымкулов зер буюмдарды жасоо менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2009-жылы С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайды аяктаган соң, Москва шаарында бир жыл иштеп, тажрыйба топтоп келген.

«Мен өзүм Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында төрөлгөм, кийин Балыкчы шаарына көчүп келдим. Азем белектерди жасап иштеп жүргөн кезде С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайда окуган байкелерден угуп, ошол жерде окуп калгам. Жубайым экөөбүз ошол окуу жайда билим алдык. Окуумду бүткөндөн бери иштеп келе жатам. Буюмдарды жасоону Акыл Турдубеков аттуу агайым үйрөттү. Москвага барып 1 жыл иштеп, улуттук жана европалык стилде зер буюмдарды жасоону үйрөнүп, тажрыйба топтоп келдим. Иштегениме 8 жылдан ашты. Зер буюмдарды жана ээрге жабдык, камчыларды жасайм. Керектүү буюмдарды шаардан алам. Көбүнчө кыз-келиндер буйрутма беришет. Зер буюмдар 500 сомдон өйдө сатылып, граммына жана жасагандыгына жараша бааланат», - деди ал.

Ал учурда көргөзмөлөргө даярданып жатканын айтты.

«Агайым аркылуу жакында боло турчу көргөзмөгө катышууга даярданып жатам. Көргөзмөгө окуу жайды бүтүрүп кеткендер чакырылып жатат. Бул көргөзмөгө өзгөчө буюм жасап жатам. Келечекте улуттук колоритте зер буюмдарды жасоочу чакан цех ачсам деген планым бар», - деди кол өнөрчү.

Курманбек Райымкулов эки уулдун атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2154
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×