Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Ысык-Көл

Балыкчыда баскетбол боюнча ачык биринчилик өттү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин спорт залында баскетбол оюну боюнча ачык биринчиликтин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Оюн шаардагы жамааттар аралык ынтымакты бекемдөө, ден соолукту чыңдоо, спортту сүйүп, эрки күчтүүлүккө тарбиялоо максатын көздөйт.

Мелдешке мектеп окуучулары, орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын студенттери, шаардык кеңеш, ӨКМ, шаардык билим берүү берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жаштар коомдук бирикмелеринин мүчөлөрүнөн турган курама командалар катышты.

Балыкчы шаарынын тургуну Т.Муңайтпасов элди биримдикке чакырган спорттук иш-чара уюштуруп жаткан жаштарга ыраазычылык билдирди. Мелдешке катышып жаткан командаларга ийгилик, ак жол каалап, ар дайым спорт менен бирге болууга үндөдү. Жыйынтыгында жеңген командаларга кубок, медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 469
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×