Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 18.01.2018 17:22

Балыкчыда таланттуу жаштарды тандоо боюнча сынактын жыйынтыгы чыкты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Болот Миңжылкыев атындагы балдар музыкалык мектебинде таланттуу жаштарды тандоо боюнча сынактын жыйынтыктоочу концерттик иш-чарасы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага мэриянын атынан социалдык саясат боюнча башкы адис А.Калыков катышты. Комиссиянын курамында Балыкчы шаардык кеңештин депутаты А.Сыдыков, Балыкчы шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Д.Ноорузбаева, «Багыт» балдар кризистик борборунун жетекчиси Т.Абамуслимов, Э.Думанаев атындагы маданият үйүнүн директору Ж.Калыков жана кызматкери Б.Өскөнбаев болушту.

Таланттуу жаш жеткинчектерди колдоп, өнөрлөрүнүн өсүшүнө, таланттарынын такшалышына өбөлгө түзүү максатында бир нече номинациялар тапшырылды.

Алар:

- Балдар музыкалык мектебинин фольклор бөлүмүнүн окуучуларына «Мыкты фольклор бөлүмү» наамы;

- билим берүү бөлүмүнүн «Жаш толкун» бийчилер тобуна «Мыкты бийчилер тобу» наамы:

- балдар музыкалык мектебинин пианисттер бөлүмүнүн окуучулары — З.Токтобекова, Б.Жалидиновго «Мыкты классикалык пианисттер бөлүмү» наамы;

- балдар музыкалык мектебинин окуучулары — К.Эркинбекова, Б.Кудайбергеновага «Мыкты скрипачтар бөлүмү»;

- балдар билим берүү борборунун М.Бейшееванын жетекчилигиндеги окуучуларына «Мыкты театр» наамы;

- музыкалык мектептин окуучуларына «Мыкты эстрадалык вокал бөлүмү», «Мыкты аккордеонисттер бөлүмү», «Мыкты гитаристтер бөлүмү» наамдары;

- балдар билим берүү борборунун окуучуларына «Мыкты комузчулар бөлүмү» наамы;

- жаш манасчы Г.Кубанычбековго «Мыкты манасчы» номинациялары ыйгарылды.

Концерттик программа таланттуу окуучулардын комуз, пианино, аккордеон, скрипка жана башка музыкалык аспаптарда жагымдуу чыгармаларды ойноосу, манас айтуусу, элдик ырларды аткаруусу менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×